# 4-статья. Милдеттүү катталууга жаткан укуктар жана чектөөлөр

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 декабря 2011 года № 230 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним""](https://aqlex.ai/kg/doc/203474)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.12.2011 [Закон КР от 8 декабря 2011 года № 230 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним""](https://aqlex.ai/kg/doc/203474); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 98 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202648); 19.12.2003 [Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279559..1279563>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 4-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-4

---

Төмөнкүлөр катталат:

1) менчик укугу;

2) чарба жүргүзүү укугу;

3) оперативдүү башкаруу укугу;

4) (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)

5) (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) жер участогун пайдалануу пайдалануу укугу;

6) ипотекадан, анын ичинде мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотекадан же күрөөдөн келип чыгуучу укук;

7) убактылуу пайдалануу укугу, үч жана андан ашык жылга ижаралоо көмөкчү ижаралоо укугу;

8) сервитуттар (ушул Мыйзамдын 6-статьясында көрсөтүлгөндөрдөн башка);

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик актыларына ылайык кыймылсыз мүлккө жайылтылуучу чектөөлөрдөн тышкары кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине долбоорлоо, куруу жана пайдалануу укуктарын чектөө;

10) соттун чечиминен келип чыгуучу укуктар;

11) тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жаратылышты пайдалануу укуктары;

12) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык азыркы учурда жана келечекте катталуучу башка укуктар;

13) мүлктү легалдаштырууда пайда болуучу укуктар.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2007-жылдын 9-августундагы № 141, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-5)
