# 33-статья. Зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279556..1279557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 33-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-33

---

1. Мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органдары жеке же юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн төмөнкүдөй учурларда жооп беришет:

а) жергиликтүү каттоо органдары тарабынан укуктарды мамлекеттик каттоо учурунда кетирилген, укук ээсине материалдык жактан зыян келтирген каталар үчүн;

б) жергиликтүү каттоо органдары тарабынан берилген документтерде камтылган, укук ээсинин материалдык зыян тартышына алып келген катталган укуктар жөнүндөгү маалыматтардын каталыгы үчүн.

Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органдарына каршы козголгон доолор тиешелүү соттор тарабынан каралат.

2. Арыз ээсинин кыймылсыз мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмү катталган учурдагы эмес доомат коюлган учурдагы наркы боюнча бааланат.

3. Зыяндын ордун толтуруу боюнча дооматтар ошол зыяндын бейтарап көз карандысыз бааланышына негизделет.

4. Каттоо органынын кызматкери милдетин аткарып жатканда кокусунан кетирген каталары жана так эместиктери үчүн жекече материалдык жоопкерчилик тартпайт, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын укук бузгандыгы, кызматтык же башка жазык кылмыштары үчүн жооп беришет.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-34)
