33-статья. Зыян үчүн жоопкерчилик
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 декабря 2003 года №237
1. Мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органдары жеке же юридикалык жактарга келтирилген зыян үчүн төмөнкүдөй учурларда жооп беришет:
а) жергиликтүү каттоо органдары тарабынан укуктарды мамлекеттик каттоо учурунда кетирилген, укук ээсине материалдык жактан зыян келтирген каталар үчүн;
б) жергиликтүү каттоо органдары тарабынан берилген документтерде камтылган, укук ээсинин материалдык зыян тартышына алып келген катталган укуктар жөнүндөгү маалыматтардын каталыгы үчүн.
Укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органдарына каршы козголгон доолор тиешелүү соттор тарабынан каралат.
2. Арыз ээсинин кыймылсыз мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмү катталган учурдагы эмес доомат коюлган учурдагы наркы боюнча бааланат.
3. Зыяндын ордун толтуруу боюнча дооматтар ошол зыяндын бейтарап көз карандысыз бааланышына негизделет.
4. Каттоо органынын кызматкери милдетин аткарып жатканда кокусунан кетирген каталары жана так эместиктери үчүн жекече материалдык жоопкерчилик тартпайт, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын укук бузгандыгы, кызматтык же башка жазык кылмыштары үчүн жооп беришет.
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-33" title="33-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>