# 251-статья. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 30.03.2009 [Закон КР от 30 марта 2009 года № 99 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"](https://aqlex.ai/kg/doc/202500)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279572..17554>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-251>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-251.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 251-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-251

---

1. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкы жана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт.

Баштапкы текшерүү жаны түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баштапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кыймылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет. Учурдагы текшерүү реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдештирүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, батирлердин же башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү өзгөргөн учурда укук ээсинин арызы боюнча милдеттүү түрдө, ошондой эле укук ээсинин демилгеси боюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт. Учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспортто тиешелүү өзгөртүү чагылдырылат.

2. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин техникалык текшерүү жергиликтүү каттоо органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 99 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-25)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-26)
