# 21-статья. Алдын ала каттоо

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279556..1279557>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 21-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-21

---

Талаш келип чыкпаса жана каттоо органы бул жак кыймылсыз мүлктүн чыныгы ээси болуп саналып, бирок тийиштүү юридикалык документтери жок экендигин тааныса, болбосо каттоо органы укук ээлөөгө карата бир башкача шектенсе, анда алдын ала каттоо жүргүзүлүп, бул ушул Мыйзамдын 6-главасында каралган укук коргоо кепилдигин бербейт. Бул ченем баштагы колхоздор менен совхоздордун базасында түзүлгөн айыл чарба ишканаларынын мүлкүнө жайылтылбайт. Иш жүзүндөгү ээси каалаган учурда жергиликтүү каттоо органына укуктардын таандык экендигин тастыктаган тиешелүү укук белгилөөчү документтерди бере алат жана алар текшерилгенден кийин толук мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт. Баштагы колхоздор менен совхоздордун кыймылсыз мүлкүнө болгон укуктарды толук каттоо айыл чарба ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген укук белгилөөчү документтерди бергенден кийин жүргүзүлөт. Кыймылсыз мүлккө укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) алдын ала катталганда алдын ала каттоо мүлккө бүтүм түзүүгө жолтоо болуучу негиздерден боло албайт. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-20-1)  
Кийинки берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-22)
