# 20-1-статья. Кыймылсыз мүлктүн бирдиги

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-20-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 20-1-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-20-1

---

Эгерде бир жер участогунда бир менчик ээсине таандык бир нече имарат, курулуш же дагы башка кыймылсыз мүлк объектиси болгон учурда, анда бул объекттер жана жер участогу жалпысынан кыймылсыз мүлктүн бир бирдигин түзөт. Мында кыймылсыз мүлктүн бир бирдиги менчик ээсинин каалоосу боюнча бир нече бирдикке бөлүнүшү мүмкүн, алар кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өз-өзүнчө катталууга тийиш. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин бөлүү же бириктирүү жөнүндө документтер болгондо колдонуудагы идентификациялык коддор жоюлат жана жаңыдан түзүлгөн кыймылсыз мүлк бирдиктерине жаңы идентификациялык коддор ыйгарылат. (КР 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-20)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-21)
