# 17-1-статья. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-17-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 17-1-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-17-1

---

Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин бирдиктүү мамлекеттик каттоо тутумунун органдары жүргүзөт. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар мөөнөтү чектелбестен сакталат, кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен кандайдыр бир документтерди же маалыматтарды жок кылууга, ошого тете мыйзамдарда каралбаган түрдө алып коюуга жол берилбейт. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилет. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2009-жылдын 30-мартындагы № 102,2011-жылдын 8-декабрындагы № 230, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-17)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-18)
