14-статья. Кадастр планы жана каттоо карталары
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 декабря 2003 года №237
1. Кадастр планы - бул кыймылсыз мүлк бирдигинин планы, анда кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялоо коду, чектери жана түйшүккө салуулары (чектөөлөрү) көрсөтүлөт.
2. Аймактык каттоо картасында катталуучу секторлордун чектери, географиялык орду жана номерлери көрсөтүлөт.
3. Ар бир каттоо секторуна карата индекстелген бир карта же карталардын сериясы түзүлөт. Эгерде анык бир сектордун индекстелген картасы карталардын сериясынан турса, анда бир нече картанын болушу аймактын каттоо картасында чагылдырылат. Индекстелген каттоо картасы жер участокторунун факты жүзүндөгү чектерин, географиялык ордун жана номерин көрсөтөт.
4. Каттоо карталарын Кыргыз Республикасынын кадастрлар карталарынын бирдиктүү мамлекеттик түзүлүшү жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-14" title="14-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>