12-статья. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун кызматкерлерине коюлуучу талаптар
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо мамлекеттик иш чара болуп саналат жана жеке пайда табууга багытталбайт. Мамлекеттик каттоо тутумунун кызматкерлеринин кандайдыр бир башка кызмат орундарын ээлөөсүнө, же илимий же окутуучулук иштерден тышкары ишкердик, ортомчулук жана кыймылсыз мүлккө укуктарды өзүнүн атына, жакын туугандарынын наамына өзүлөрүнүн катташына уруксат берилбейт. Эгерде каттоо тутумунун кызматкерлери же алардын жакын туугандары кыймылсыз мүлккө укук кармоочу болсо, анда ал укуктар каттоо тутумунун башка кызматкери тарабынан катталат. Каттоо тутумунун кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик кызматкерлерге карата коюулуучу башка талаптар да жайылтылат.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-12" title="12-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>