# 10-статья. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун жергиликтүү каттоо органдары

- Документ: [Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/160)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 1998-жылдын 22-декабры № 153 "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 22.12.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 08.12.2011 [Закон КР от 8 декабря 2011 года № 230 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним""](https://aqlex.ai/kg/doc/203474); 19.12.2003 [Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1368)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/160#diff=1279572..17554>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-148/edition/1279555/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/160/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө, 10-статья (22.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-10

---

1. Жергиликтүү каттоо органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте түзүлөт жана жоюлат.

Жергиликтүү каттоо органдарынын жетекчилери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалат жана бошотулат. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ошондой эле райондук кеңештердин сунуштамасы боюнча жергиликтүү каттоо органдарынын жетекчилерин ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу.

2. Кыймылсыз мүлккө болгон укук жана кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

3. Ар бир жергиликтүү каттоо органы кыймылсыз мүлк объекттери жана субъекттери боюнча маалыматтардын маалымдоо негизин түзүп, андан кийин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо боюнча республикалык маалымат тутумуна биригет.

(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/160/st-11)
