Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 112 токтомуна)
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы жөнүндө ЖОБО
1. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жыл мурда - 1993-жылдын 5-майында кабыл алынгандыгына байланыштуу уюштурулган.
2. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы менен бардык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, эмгек ардагерлери, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ошондой эле өлкөбүздүн көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу күчүн жогорулатууга, кыргыз мамлекетинин чек араларынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту, улуттар аралык достукту жана ынтымакты сактоого, адилеттүү жарандык коомду курууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коомдун жана мамлекеттин турмушундагы ролун жана маанисин кеңири пропагандалоого, жаш муундарды мыйзамды урматтоо, Мекенди сүйүү жана берилүү рухунда тарбиялоого татыктуу салым кошкон башка адамдар сыйланат.
3. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы менен Кыргыз Республикасынын алдында эмгеги сиңген Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, эл аралык жана коомдук уюмдар сыйланат.
4. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалын Кыргыз Республикасынын Президенти же анын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери, башка ыйгарым укуктуу адамдар салтанаттуу жагдайда Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күнгө карата иш-чараларда тапшырат.
Сыйлангандарга юбилейлик медаль менен бирге анын күбөлүгү тапшырылат.
5. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы мамлекеттик сыйлыктардан кийин сол төшкө тагылат.
6. Юбилейлик медаль сыйланган адамдын өзүнө тапшырылат.
7. Юбилейлик медалдын жана анын документтеринин дубликаттары жоголгондордун ордуна берилбейт.
8. Мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар адамдарды юбилейлик медаль менен сыйлоого жол берилбейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 «Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.03.2023 · № 112