# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 03.03.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159997>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22070/edition/1237094/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159997.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (10.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159997

---

КР Министрлер Кабинетинин2025-жылдын 10-ноябрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 3-марты № 113 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жол-жоболорун өркүндөтүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын камсыздоо жана кыймылсыз мүлккө менчик укуктарын коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 49 "Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелеринде:

төмөнкүдөй мазмундагы 125-1-пункт менен толукталсын: "125-1. Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси күчүнө киргенге чейин берилген ордерлери бар жарандардын турак жайларына муниципалдык менчик укугун каттоо төмөнкүдөй документтерди берүүдө жүргүзүлөт:

- Кыргыз Республикасынын Турак жай кодекси күчүнө киргенге чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген турак жайга ордер;

- турак жайды муниципалдык менчикке кабыл алуу жана/же турак жайды муниципалдык менчикти башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын документи.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
