# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 28-февралындагы № 109 "Апостилдештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 28-февралындагы № 109 "Апостилдештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 109
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159996>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22069/edition/1234216/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159996.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 28-февралындагы № 109 "Апостилдештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ТОКТОМУ (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159996

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 28-февралы № 109 Апостилдештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасында апостилдештирүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 "Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 283 "Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:

- 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"29. "Апостиль" штампындагы графаларды толтуруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде же англис тилинде жүргүзүлөт. Документтин нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн англис тилиндеги котормосу берилгенде апостиль штампынын тексти арыз ээсинин талабы боюнча англис тилинде толтурулат.".

3. Апостиль коюуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Гаага конвенциясынын катышуучулары болуп саналган, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана консулдук мекемелерге белгиленген тартипте "Апостиль" штампынын жаңы үлгүсүн жиберсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 токтомуна тиркеме

Апостилдин үлгүсү

APOSTILLE

(Convention de la Haye du 5 octobre 1961)

1. Өлкө/Country

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Ушул расмий документ/this public document

2. Кол коюлду/

has been signed by \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

3. Катарында чыккан/

acting in the capacity of \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

4. Мөөр/штамп менен күбелөндүрүлгөн/

bears the seal/stamp of \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ күбөлөндүрүлдү/certified

5. Шaap/at \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

6. Датасы/the \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

7. Күбөлөндүргөн органдын аталышы/by \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

8. № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

9. Мөөрү/штампы

seal/stamp \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

10. Колу/signature

Эскертүү: Гаага Конвенциясында 9x9 см кем эмес өлчөмдөгү квадрат түрүндөгү апостиль штампынын формасы каралган. 12x12 см өлчөмүндөгү апостиль штампына ээ болуу максатка ылайыктуу, анын аянтынын чегинде тексттин шрифти аны сүрөттөөгө жана окуганга ыңгайлуу болсун үчүн чоңойтулушу мүмкүн. Штампта колдонулган тилди, текстти жана аны жайгаштыруу ырааттуулугун өзгөртүүгө жол берилбейт. Штамптын текстин толтуруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде же англис тилинде жүргүзүлөт.". End\_nocompare
