Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 28-февралы № 106 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык) Билим берүү уюмунун сапатынын деңгээлин баалоо жол-жобосун жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Бул тартип билим берүү уюмдарын (институттук аккредитация) жана билим берүү программаларын (программалык аккредитация) аккредитациялоо жол-жобосун белгилейт. Аккредитация аккредитациялануучу билим берүү уюмуна (улуттук аккредитация) коюлуучу Кыргыз Республикасынын минималдуу талаптарына же билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу боюнча эл аралык ассоциациялардын (тармактардын) (эл аралык аккредитация) стандарттарына ылайык жүргүзүлөт. Улуттук аккредитация билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт. Эл аралык аккредитация аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлөт:
- билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган;
- билим берүүнүн сапатын камсыз кылуунун эл аралык тармактарында толук же ассоциацияланган мүчөлөр болуп саналган.
Улуттук жана эл аралык программалык аккредитациялар баштапкы (Ex-Ante) (билим берүү программасын ишке ашыруунун биринчи жылында жүргүзүлүүчү) жана толук (билим берүү программасынын бүтүрүү курсу болгондо жүргүзүлүүчү) болот. Билим берүү уюмунун институттук жана программалык аккредитациядан өтүүсү милдеттүү болуп саналат.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы № 648 "Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуунун айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 2022-2023-окуу жылында жана кийинки окуу жылдарында өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларды кошпогондо, жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу, Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш тарабынан таанылган агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык институттук же программалык аккредитациядан өткөн Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууга жол берилет деп белгиленсин. Жогорку медициналык кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга кабыл алуу өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайлар тарабынан өз алдынча бекитилет.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 1-пунктта белгиленген талаптарга ылайык келген жогорку окуу жайлардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1-пунктта белгиленген талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарына жана өзгөчө статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларга окууга жиберилүүчү абитуриенттерге жана студенттерге окуу визаларын берүүнү камсыз кылсын.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21ноябрындагы № 648 "Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет…Постановление · 21.11.2022 · № 648
- Кыргыз Республикаснын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.07.2024 · № 382
- Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 токтому менен бекитилген)Порядок · 29.09.2015 · № 670 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21ноябрындагы № 648 "Жогорку кесиптик медициналык билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарында чет…Постановление · 21.11.2022 · № 648
- Кыргыз Республикаснын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 12.07.2024 · № 382
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 "Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө"…Постановление · 29.09.2015 · № 670 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна)Порядок · 30.06.2022 · № 355