# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159957>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22042/edition/1250787/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159957.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун маселелери жөнүндө" токтому (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159957

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-февралы № 56 Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун маселелери жөнүндө "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссия жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын курамы 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 201.3-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-февралындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррордук борборунун жана антитеррордук ишти координациялоонун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров

3-тиркеме

Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын курамы Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы. Ведомстволор аралык координациялык комиссиянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору.
