# Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 17.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159951>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22037/edition/1234986/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159951.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (17.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159951

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 17-февралы № 87 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларын инвентаризациялоонун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-мартындагы № 173 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын – облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фонддору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
