Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 декабря 2023 года № 678 "О вопросах лицензирования отдельных видов деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 6-февралы № 51 Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө Жарандарды транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүнө окутуу процессин жакшыртуу, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишин тартипке салуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы лицензияларды (мындан ары - лицензия) төмөнкү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берүү, узартуу, кайра тариздөө, токтото туруу, калыбына келтирүү жана жокко чыгаруунун тартибин регламенттейт: транспорт чөйрөсүндө - автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү субъекттердин ишин жөнгө салуучу жана контролдоочу, ошондой эле эл аралык багыттар боюнча автомобиль транспорту менен жүк ташуу чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик контролдоону жана лицензиялоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган; жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндө - автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу жаатындагы ишти мамлекеттик контролдоону жана лицензиялоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган.";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - лицензиар) иштин төмөнкү түрлөрүнө лицензияларды берет:
1) автомобиль транспорту менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу;
2) суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана (же) жүктөрдү ташуу.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - лицензиар) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишке (жеңил таксилерди кошпогондо) лицензияларды берет.";
- 5-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) лицензиарлар:
- автомобиль транспортундагы ишти жөнгө салуу жана контролдоо жана суу транспортундагы ишти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү;";
- 6-пункттун тогузунчу абзацындагы, 68-пункттун алтынчы абзацындагы "лицензиялык жыйым" деген сөздөр "мамлекеттик алым" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде төлөнөт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 1-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 10 (3459) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы №…Положение · 17.09.2018 · № 430 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин лицензиялоо тартиби жөнүндө Жобо (КР Министрлер…Положение · 06.02.2023 · № 51 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 548 "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.12.2021 · № 548
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-сентябрындагы № 430 "Кыргыз Республикасынын автомобиль жана суу транспорту жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө…Постановление · 17.09.2018 · № 430 · Күчүн жоготкон