Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 „Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 января 2025 года № 14 "Об установлении надбавок за ученую степень"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-01-15.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 21-январы № 24 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларга дем берүү жана колдоо максатында, "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. 2023-жылдын 1-январынан тартып илимий, педагогикалык кызматкерлерге, профессордук-окутуучулук курамга, анын ичинде мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерине негизги иштеген жери боюнча эмгек акысына ар айлык үстөктөр төмөнкүдөй белгиленсин:
- илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн - 2700 сом өлчөмүндө;
- илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн - 1350 сом өлчөмүндө.".
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 "Окумуштуулук даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2025 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2006 · № 492 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 "Окумуштуулук даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2025 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-июлундагы № 492 "Илимий даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2006 · № 492 · Күчүн жоготкон
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралууЗакон · 16.06.2017 · № 103 · Күчүн жоготкон