# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 62 "Имараттарды жана курулмаларды мамлекеттик жана муниципалдык менчикке өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 62 "Имараттарды жана курулмаларды мамлекеттик жана муниципалдык менчикке өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159940>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22028/edition/1229282/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159940.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 62 "Имараттарды жана курулмаларды мамлекеттик жана муниципалдык менчикке өткөрүп берүү маселелери жөнүндө" токтому (10.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159940

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-февралы № 62

Имараттарды жана курулмаларды мамлекеттик жана муниципалдык менчикке өткөрүп берүү маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 222, 505-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:

- Бишкек шаары, Рабочая көчөсү, 11Б дарегинде жайгашкан имаратты жана курулмаларды аянты 0,517 га жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-03-01-0001-0288) Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин;

- муниципалдык менчикте турган, Бишкек шаары, Кийизбаева көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан имаратты жана курулмаларды аянты 1,516 га жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-04-19-0013-0956) Бишкек шаарынын мэриясынан мамлекеттик менчикке кабыл алсын;

- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти менен Бишкек шаары, Рабочая көчөсү, 11Б дарегинде жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган имаратты жана курулмаларды Бишкек шаары, Кийизбаева көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан, муниципалдык менчикте турган имаратка жана курулмаларга алмаштыруу келишимин түзсүн;

- ушул пункттун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн объектти Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

-Бишкек шаары, Рабочая көчөсү, 11Б дарегинде жайгашкан имаратты жана курулмаларды аянты 0,517 га жер участогу менен (идентификациялык коду: 1-03-01-0001-0288) муниципалдык менчикке кабыл алуу;

- муниципалдык менчикке өткөрүп берилген объектти мамлекеттик каттоодон өткөрүү.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 17-февралындагы № 12 (3461) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
