Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 августа 2025 года № 532 "Об утверждении Программы Кабинета Министров Кыргызской Республики по поддержке этнических кыргызов, прибывающих из Малого и Большого Памира Афганистана,и кайрылманов на 2026–2029 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-08-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 532 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-июну № 356 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга иш-чаралар планы (мындан ары - иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги:
1) Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагына памирлик кыргыздарды жайлаштыруу үчүн шаарчанын курулушу жана иш-чаралар планында көрсөтүлгөн башка иш-чаралар үчүн 2022-жылга 72920000 (жетимиш эки миллион тогуз жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө кошумча каражаттарды издесин жана тиешелүү мамлекеттик органдарды каржылоону жүзөгө ашырсын;
2) 2023-2024-жылдарга бюджеттин долбоорун түзүүдө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарын иш-чаралар планынын 1.1, 1.2, 1.4, 2.1, 2.3, 2.7 жана 2.9-пункттарында көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо үчүн 2023-жылга 85790000 (сексен беш миллион жети жүз токсон миң) сом, 2024-жылга 72920000 (жетимиш эки миллион тогуз жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө кошумча каражаттар менен камсыз кылсын.
3. Иш-чаралар планынын аткаруучулары болуп саналган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) иш-чаралар планын аткаруу боюнча милдеттүү чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине берип турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:
1) иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзсүн;
2) отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Begin_nocompare
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Милдеттер
Чаралар/иш-аракеттер
Аткаруу мөөнөттөрү
Жооптуу аткаруучулар
Булактары
Күтүлүүчү натыйжалар
1. Гуманитардык жана укуктук жардам көрсөтүү
1.1
Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү
1.1.1. Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жүктү, аны жеткирүүнү Афганистандын жана Тажикстан Республикасынын аймагы боюнча өткөрүүгө алардын расмий макулдугун алуу маселесин иштеп чыгуу (альтернативдик вариант Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу)
Жыл сайын
ЭСКММ, ССМ, ТИМ, ӨКМ, ФМ, УКМК
Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде жыл сайын 5,0 млн сом
Этностук кыргыздарга гуманитардык жүк жеткирилди
1.1.2. Зарыл болгон гуманитардык жүктү сатып алууну жана жеткирүүнү уюштуруу
1.2
Этностук кыргыздарды паспорттоштуруу
Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринин жашоочуларынын арасында андан ары Кыргыз Республикасына көчүрүү үчүн чет өлкөнүн паспортун тариздөө зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
2022-2024-жылдар
ТИМ
Жыл сайын республикалык бюджеттен 500 миң сом
Этностук кыргыздар паспорт алышты
1.3
Этностук кыргыздарга визалык колдоо көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын тиешелүү категориядагы жана типтеги визалары менен камсыз кылуу
Дайыма
ТИМ, УКМК
Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде
Этностук кыргыздарга визалык колдоо көрсөтүлдү
1.4
Этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына келүүсүн уюштуруу
Этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүүсүнө көмөк көрсөтүү
2022-2024-жылдар
ЭСКММ, ӨКМ, ТИМ
Республикалык бюджеттен жыл сайын 1,5 млн. сом
Этностук кыргыздар Кыргыз Республикасына көчүрүлүп келди
2. Этностук кыргыздарды социалдык-экономикалык колдоону жана коомго жуурулушуусун камсыз кылуу
2.1
Турак жай маселесин чечүү
Ош облусунда этностук кыргыздар үчүн үйлөрдү жана тиешелүү курулмаларды (даараткана, бастырма, сарай) курууну уюштуруу, үйлөрдүн инфратүзүм маселелерин чечүү (электрлештирүү, ички жолдор)
2022-2024-жылдар
КРП Ош облусун-дагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ФМ, Курулуш агенттиги, КРПИБ, Чоң-Алай РМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Республикалык бюджеттен 244,5 млн. сом (анын ичинен 30,0 млн. сом республикалык бюджетте каралган)
Этностук кыргыздар үчүн турак үйлөр курулду
2.2
Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздарды кабыл алуу
Этностук кыргыздарды келгенде тамак-аш азыктары, кийим, дарылар жана башка тиричилик буюмдары менен камсыз кылуу
2022-2024-жылдар
ЭСКММ, ФМ, ССМ, КРП Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
Жыл сайын республикалык бюджеттен 2,0 млн. сом
Этностук кыргыздар жайгаштырылды жана биринчи зарыл буюмдар менен камсыздалды
2.3
Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздарга кайрылман статусун берүү
Кайрылман статусун алууга документтерди кабыл алууну уюштуруу
Дайыма
ЭСКММ, УКМК, ИИМ
Этностук кыргыздардын документтерин которуу кызматтарына жыл сайын 200,0 миң сом
Этностук кыргыздарга кайрылман статусу берилди
2.4
Кайрылман статусун алган этностук кыргыздардын медициналык жардам алуу укугун камсыз кылуу
Жарандарга медициналык-санитардык жардамды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык жардам көрсөтүү
Дайыма
ССМ
Мамлекеттик органдын бюджетинин чегинде
Этностук кыргыздар медициналык жардам алды
2.5
Кайрылман статусун алган аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөрдү, пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекке жарамсыз жарандарды, пенсионерлерди социалдык коргоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды тариздөө
Дайыма
ЭСКММ
Мамлекеттик органдын бюджетинин чегинде
Жөлөкпулдар дайындалды
2.6
Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды ишке орноштуруу
Кийин жумушка орноштуруу менен иш менен камсыздоо борборлорунда каттоо жана кесиптик окууга жиберүү
Дайыма
ЭСКММ
Мамлекеттик органдын бюджетинин чегинде
Этностук кыргыздар окутулду жана ишке орноштурулду
2.7
Этностук кыргыздардын сабатсыздыгын жоюу
Кыргыз тилин окутуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу
2022-2024-жылдар
БИМ
Жыл сайын тездетилген билим берүү программаларын уюштурууга 1,0 млн. сом
Этностук кыргыздар мектептерде жана курстарда окушат
Тездетилген жалпы билим берүү программаларын уюштуруу
2.8
Этностук кыргыздардын билим алуу укугун камсыз кылуу
Этностук кыргыздарга жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарды берүү, тиешелүү деңгээлде билими бар Кыргыз Республикасынын орто жана жогорку билимдин билим берүү уюмдарына квоталарды бөлүү
Жыл сайын
БИМ
Мамлекеттик органдын бюджетинин чегинде
Этностук кыргыздардын балдары жалпы билим берүү уюмдарында окушат
2.9
Балдардын эс алуу укугун камсыз кылуу
Этностук кыргыздардын балдарын санаторийлерде жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелеринде эс алуусун уюштуруу
Жыл сайын
БИМ
Жыл сайын республикалык бюджеттен 1,0 млн. сом
Этностук кыргыздардын балдарынын ден соолугун чыңдоо
2.10
Жергиликтүү калктын жана Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын ортосундагы чыр-чатактардын алдын алуу
Жергиликтүү калктын жана этностук кыргыздардын ортосундагы мүмкүн болуучу чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүү
Дайыма
ИИМ, УКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Мамлекеттик органдардын бюджеттеринин чегинде
Маалымдуулук деңгээлди жогорулатуу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү
Жалпы
276,630 миң сом
3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Милдеттер
Индикатордун аталышы
Өлчөө бирдиги
Базалык жыл 2021
Аралыктагы индикаторлор
Акыркы индикаторлор же максаттуу көрсөткүчтөр
Жооптуу орган
2022-жыл
2023-жыл
2024-жыл
1. Гуманитардык жана укуктук жардам көрсөтүү
1
Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү
Жөнөтүлгөн гуманитардык жүктүн саны.
тонна
-
60
60
60
180
ЭСКММ, ССМ, ТИМ, ӨКМ, ФМ, УКМК
Жардам алган этностук кыргыздардын саны
адам
-
2
Этностук кыргыздарды паспорттоштуруу
Паспорт алгандардын саны
адам
-
100
150
150
400
ТИМ
3
Этностук кыргыздарга визалык колдоо көрсөтүү
Кызмат көрсөтүүлөрдү алган бенефициарлардын саны
адам
-
100
150
150
400
ТИМ, УКМК
4
Этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына келүүсүн уюштуруу
Келген этностук кыргыздардын саны
адам
-
100
150
150
400
ЭСКММ, ӨКМ, ТИМ
2. Этностук кыргыздарды социалдык-экономикалык колдоону жана коомго жуурулушуусун камсыз кылуу
5
Турак жай маселелерин чечүү
Курулган үйлөрдүн саны
үйлөрдүн саны
-
30
35
30
95
КРП Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ФМ, Курулуш агенттиги, КРПИБ, Чоң-Алай РМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
6
Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздарды кабыл алуу
КРга көчүп келгендердин саны
адам
100
150
150
400
ЭСКММ, ФМ, ССМ, КРП Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
7
Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздарга кайрылман статусун берүү
Берилген өтүнмөлөрдүн саны. Кайрылман статусун алгандардын саны
бирд.
-
100
150
150
400
ЭСКММ, УКМК, ИИМ
адам
-
8
Кайрылман статусун алган этностук кыргыздардын медициналык жардам алуу укугун камсыздоо
Биринчи медициналык жардам алгандардын саны.
адам
-
100
150
150
400
ССМ
Жашаган жери боюнча медициналык каттоого тургандардын саны
адам
-
9
Кайрылман статусун алган аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөрдү, пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекке жарамсыз жарандарды, пенсионерлерди социалдык коргоо
Мамлекеттик жөлөкпулдарды алуучулардын саны.
адам
-
70
100
100
270
ЭСКММ
Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө суммасы
миң сом
1260 миң
1800 миң
1800 миң
3240 миң
10
Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды иш менен камсыз кылуу
Ишке орношуу үчүн кайрылгандардын саны, анын ичинен ишке орношкону
адам
-
20
20
20
60
ЭСКММ
адам
-
11
Этностук кыргыздардын сабатсыздыгын жоюу
Кыска мөөнөтүү курстардын саны: анын ичинде кыргыз тилин үйрөтүү боюнча. Билим жана көндүмдөрү алгандардын саны: анын ичинде кыргыз тилин үйрөтүү боюнча
бирд.
-
70
100
100
270
БИМ
бирд.
-
70
100
100
270
адам
-
70
100
100
270
адам
-
70
100
100
100
12
Этностук кыргыздардын билим алуу укугун камсыздоо
Жалпы билим берүү мекемелеринде окугандардын саны
адам
70
100
100
270
БИМ
13
Балдардын эс алуу укугун камсыздоо
Балдар лагерлеринде жана ден соолукту чыңдоо мекемелеринде эс алгандардын саны
адам
70
100
100
270
ЭСКММ
14
Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздар менен жергиликтүү калктын ортосундагы чыр-чатактардын алдын алуу
Маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларынын саны
бирд.
-
16
16
16
48
ИИМ, УКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
Маалыматтык кампаниялардын убагында маалымат алган адамдардын саны
адам
100
150
150
400
4-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын БЮДЖЕТИ (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 243 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Милдеттер
Чаралар
Жооптуу аткаруучулар
Ишке ашыруу мөөнөтү
Өлчөө бирдиги
Каржылоого муктаждык
Мүмкүнчүлүктөр
Финансылык ажырым
мам. бюджет
гранттар
башка
Бардыгы
мам. бюджет
гранттар
башка
Бардыгы
мам. бюджет
гранттар
башка
Бардыгы
1. Гуманитардык жана укуктук жардам көрсөтүү
1.1
Афганистандын Кичи жана Чоң Памириңде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү
1. Афганистан жана Тажикстан Республикасынын аймактары боюнча Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жүктү алып өтүүгө жана аны жеткирүүгө алардан расмий макулдугун алуу маселесин иштеп чыгуу (альтернативдүү вариант Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу)
ЭСКММ, ССМ, ТИМ, ӨКМ, ФМ, УКМК
2022-2024-жылдар
млн. сом
15,0
0
0
15,0
15,0
0
0
15,0
0
0
0
0
2.Афгандык кыргыздарга зарыл болгон гуманитардык жүктү сатып алууну жана жеткирүүнү уюштуруу
1.2
Этностук кыргыздарды паспорттоштуруу
Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринин жашоочуларынын арасында Кыргыз Республикасына көчүрүү үчүн чет өлкө паспортун тариздөө зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, паспорт алууга жардам көрсөтүү
ТИМ
2022-2024-жылдар
млн. сом
1,5
0
0
1,5
0
0
0
0
1,5
0
0
1,5
1.3
Этностук кыргыздарга визалык колдоо көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын тиешелүү категориядагы визалары менен камсыздоо
ТИМ, УКМК
дайыма
1.4
Этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына келүүсүн уюштуруу
Этностук кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүүсүнө көмөк көрсөтүү
ЭСКММ, ӨКМ, ТИМ
2022-2024-жылдар
млн. сом
4,5
0
0
4,5
0
0
0
0
4,5
0
0
4,5
2. Этностук кыргыздарды социалдык-экономикалык колдоону жана коомго жуурулушуусун камсыз кылуу
2.1
Турак жай маселелерин чечүү
Ош облусунда этностук кыргыздар үчүн үйлөрдү жана тийиштүү курулмаларды (даараткана, бастырма, сарай) курууну уюштуруу, үйлөрдүн инфратүзүмү маселелерин чечүү (электрлештирүү, ички жолдор)
КРП Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ФМ, Курулуш агенттиги, КРПИБ, Чоң-Алай РМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
2022-2024-жылдар
млн. сом
244,5 анын ичинен: 2022-жыл 77220 миң, 2023-жыл 90090 миң, 2024-жыл 77220 миң
0
0
244,2 анын ичинен: 2022-жыл 77220 миң, 2023-жыл 90090 миң, 2024-жыл 77220 миң
2022-жыл 10,0 млн, 2023-жыл 10,0 млн, 2024-жыл 10,0 млн
0
0
30,0
2022-жыл 67220 миң, 2023-жыл 80090 миң, 2024-жыл 6722 0 миң
0
0
214,5
2.2
Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздарды кабыл алуу
Этностук кыргыздарды келген учурда тамак-аш азыктары, дарылар, кийим жана башка тиричилик буюмдары менен камсыз кылуу
ЭСКММ, ФМ, ССМ, КРП Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Чоң-Алай РМА
2022-2024-жылдар
млн. сом
6,0
0
0
6,0
0
0
0
0
6,0
0
0
6,0
2.3
Кыргыз Республикасына келген этностук кыргыздарга кайрылман статусун берүү
Кайрылман статусун алууга документтерди кабыл алууну уюштуруу
ЭСКММ, УКМК, ИИМ
2022-2024-жылдар
миң сом
600,0
0
0
600,0
0
0
0
0
600,0
0
0
600,0
2.4
Кайрылман статусун алган этностук кыргыздардын медициналык жардам алуу укугун камсыздоо
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу
ССМ
дайыма
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2.5
Кайрылман статусун алган аз камсыз болгон балалуу үй-бүлөлөрдү. пенсиялык камсыздоого укугу жок эмгекке жарамсыз жарандарды, пенсионерлерди социалдык коргоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө
ЭСКММ
дайыма
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2.6
Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздарды иш менен камсыз кылуу
Иш менен камсыздоо борборлорунда каттоо жана кийин ишке орноштуруу менен кесиптик окууга жиберүү
ЭСКММ
дайыма
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2.7
Этностук кыргыздардын сабатсыздыгын жоюу
Кыргыз тилине окутуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу
БИМ
2022-2024-жылдар
млн. сом
3,0
0
0
3,0
0
0
0
0
3,0
0
0
3,0
Тездетилген жалпыга билим берүү программаларын уюштуруу
2.8
Этностук кыргыздардын билим алуу укугун камсыздоо
Этностук кыргыздарга жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарды берүү, тийиштүү деңгээлдеги билими барларга Кыргыз Республикасында орто жана жогорку билим берүү уюмдарына тапшыруу үчүн квоталарды бөлүп берүү
БИМ
жыл сайын
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
2.9
Балдардын эс алуу укугун камсыздоо
Этностук кыргыздардын балдарын санаторийлерде жана башка ден соолукту чыңдоо мекемелеринде эс алуусун уюштуруу
БИМ
жыл сайын
млн. сом
3,0
0
0
3,0
0
0
0
0
3,0
0
0
3,0
2.10
Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздар менен жергиликтүү калктын ортосунда чыр-чатактардын алдын алуу
Жергиликтүү калк менен этностук кыргыздардын арасында мүмкүн болуучу чыр-чатактардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
ИИМ, УКМК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
дайыма
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
0
Жалпы:
млн сом
276,63
45,0
45,0
231,63
231,63
End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-авугстундагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан…Постановление · 28.08.2025 · № 532
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этностук кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча…Программа
- КР Министрлер Кабинетинин 28.08.2025-жылдын № 532 токтомуПостановление · 28.08.2025 · № 532
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-майындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 356 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.05.2023 · № 243 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-авугстундагы № 532 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан…Постановление · 28.08.2025 · № 532
- Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөЗакон · 26.11.2007 · № 175
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.