# Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтому менен бекитилди)

- Толук аталышы: Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтому менен бекитилди)
- Актынын түрү: Порядок
- Номери: 236
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159919>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/159919/edition/1226908/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159919.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтому менен бекитилди) (23.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159919

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы № 497 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна)

Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо ТАРТИБИ

1. Ушул Тартип кийинки календардык жылга карата киреше салыгын эсептөөдө пайдаланылуучу бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин (мындан ары - МЭК) өлчөмүн аныктоо методикасын белгилейт.

2. Мамлекеттик статистикалык органдын маалыматтарынын негизинде 60 пайыз өлчөмүндөгү өткөн жыл үчүн Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмү кийинки календардык жылга карата бир айдагы МЭКтин өлчөмүн аныктоо үчүн негиз болуп саналат.

3. МЭКти эсептөөдө төмөнкү факторлордун таасири эсепке алынбайт:

1) жалпысынан өлкө боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен бир кыйла ашкан эмгек акынын жогорку деңгээли;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын болгон аймактарда иштөө үчүн белгиленген үстөктөрдүн жана райондук коэффициенттердин эсебинен түзүлгөн эмгек акыга кошумча төлөмдөр.

4. МЭК мамлекеттик статистикалык органдын Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акы жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтарынын негизинде, орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпысынан өлкө боюнча орточо айлык эмгек акынын деңгээлинен 50 пайызга жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албастан, жыл сайын төмөнкүдөй методика боюнча аныкталат:

МЭК = (ЭАОӨ - КТОӨ) х 60%,

мында: МЭК - бир айдагы минималдуу эсептик киреше; ЭАОӨ - бир айдагы эмгек акынын орточо өлчөмү; КТОӨ - бийик тоолуу жана алыскы аймактар боюнча бир айдагы кошумча төлөмдөрдүн коэффициентинин орточо өлчөмү.
