Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасында дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 7 октября 2024 года № 604 "Об утверждении Порядка обеспечения прослеживаемости лекарственных средств и медицинских изделий"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-10-07.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 604 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 9-февралы № 53 Кыргыз Республикасында дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 23 “Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыктарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү жана сатылуучу дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын этап-этабы менен киргизүү башталсын.
2. Дары каражаттарына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу тартиби (мындан ары – Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментине (мындан ары – Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти) дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жана жүргүзүү боюнча функциялар жүктөлсүн.
4. Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти ушул токтом күчүнө кирген учурга чейин:
1) төмөнкүлөрдү бекитсин:
– дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүүнүн этап-этаптуу планын;
– байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон дары каражаттарынын тизмегин;
– дары каражаттарын жүгүртүүнүн катышуучулары тарабынан “Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасы” маалыматтык системасын (мындан ары – ЭМБ МС) колдонуу боюнча методикалык сунуштамаларды;
2) тиешелүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүүнүн этап-этаптуу планында каралган мөөнөттөр келген учурдан тартып, ЭМБ МСте санариптик маркалоо коддорун каттабастан, байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон дары каражаттарынын тизмегине кирген дары каражаттарын дүң жана чекене сатууга тыюу салуу;
– дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүүнүн этап-этаптуу планында каралган мөөнөттөргө чейин Кыргыз Республикасына ташып келинген же Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн дары каражаттарын алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин ЭМБ МСте санариптик маркалоо коддорун каттабастан, жүгүртүүдө калтыруу;
– бул токтомдун талаптарын Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөндө сатуу баасы же Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жеткирүү баасы бир таңгак үчүн 100 сомдон ашпаган дары каражаттарына жайылтпоо (мындай дары каражаттарына ыктыярдуу негизде байкоо жүргүзүлүшү мүмкүн).
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 12 (3461) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 "Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо…Постановление · 19.09.2024 · № 575
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябры № 604 "Дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 07.10.2024 · № 604
- Дары каражаттарынын сапатын баалоонун (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 токтому менен бекитилген) тартибиПорядок · 05.07.2018 · № 312 · Күчүн жоготкон
- Порядок обеспечения прослеживаемости лекарственных средств (к постановлению Кабинета Министров КР от 9 февраля 2023 года № 53)Порядок · 09.02.2023 · № 53 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 23 "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча…Указ · 08.02.2021 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 575 "Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо…Постановление · 19.09.2024 · № 575
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябры № 604 "Дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу тартибин бекитүү жөнүндө"…Постановление · 07.10.2024 · № 604
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 "Дары каражаттарынын сапатын баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.07.2018 · № 312 · Күчүн жоготкон