# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159898>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22000/edition/1220902/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159898.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы № 35 "Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому (24.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159898

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 24-январы № 35 Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 451-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тартылган министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылдарга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетте каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
