Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 „Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 23 сентября 2025 года № 605 "Об утверждении Порядка предоставления поручительства субъектам национальной экономики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-09-23.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын сентябрындагы № 605 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 31-январы № 42 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүүнүн жол-жоболорун өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибинде:
- 4-пункттун 5-пунктчасындагы "ушул пункттун 2-пунктчасы" деген сөздөр "ушул пункттун 2, 4-пунктчалары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын:
"9-1. Кепилдикте Фонддун бирдей жана субсидиардык жоопкерчилиги каралышы мүмкүн. Мында тобокелдиктерди азайтуу максатында Фонд субъекттин мүлкүнө карата биринчи же экинчи кезектеги күрөө кармоочу катары чыгууга укуктуу.";
- 10-пункттун биринчи абзацындагы "Кредиттик келишим" деген сөздөр "Кепилдик келишимин түзгөнгө чейин кредиттик келишим" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-пункт менен толукталсын:
"10-1. Өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ, уставдык капиталдагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге кредиттик келишимдин мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган, бирок 36 айдан ашык эмес мөөнөткө бир жолку комиссияны төлөө бөлүгүндө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу берилиши мүмкүн.";
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Фонд түзүлгөн кепилдик келишиминин алкагында субъекттин ишине, анын ичинен бир жолку комиссиянын каражаттарынын эсебинен тиешелүү тармакта кесиптик иш тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартуу менен мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-февралындагы № 8 (3457) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 605 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2025 · № 605
- Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 токтому менен бекитилди)Порядок · 20.06.2022 · № 326 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябры № 605 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.09.2025 · № 605
- Кыргыз Республмкасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-июнундагы № 326 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2022 · № 326 · Күчүн жоготкон