Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 «Бирдиктүү шыр байланыш» туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 602 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана терс жагдайга ыкчам таасир этүү максатында, "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу фактылары.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112 - бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакыруу системасына кирген, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдүү кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмеси:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
"
11
108
Айлана- чөйрөнү коргоо боюнча шыр байланыш
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
".
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин шыр байланышын иштетүү үчүн "108" телефон номерин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бөлүп берсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Н.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтому менен бекитилген)Положение · 06.10.2011 · № 618
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын…Постановление · 06.10.2011 · № 618
Шилтеме берет (3)
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтому менен бекитилген)Положение · 06.10.2011 · № 618
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтунүн токтому 2008-жылдын 16-августу № 455 "Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик суу чарба системаларынан сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акынын…Постановление · 16.08.2008 · № 455 · Күчүн жоготкон