Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 32 токтомуна)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл - өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо жагындагы ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарынын сакталышын текшерүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы тарабынан ишке ашырылуучу иш;
2) өлчөө - өлчөнүүчү чоңдукту анын бирдиги менен катышын (анык же анык эмес түрдө) табууну жана бул чоңдуктун маанисин алууну камсыздоочу, физикалык чоңдуктун бирдигин сактоочу техникалык каражаттарды колдонуу боюнча операциялардын жыйындысы;
3) өлчөө каражаты - ченемдүү метрологиялык мүнөздөмөгө ээ болгон, өлчөө үчүн арналган техникалык каражат;
4) товарларды ээликтен ажыратуу - бул бир субъекттин (сатуучунун) менчигинен товарлар экинчи субъекттин (сатып алуучунун) менчигине өтө турган операция. Мында товарлардын саны өлчөө жол-жоболорунун натыйжасында аныкталат, ал эми баасы жана наркы жазылып белгиленет;
5) таңгакчаларга оролгон товарлар (мындан ары - даяр таңгакчалар) - керектөөчүнүн катышуусуз өлчөп оролгон, таңгакталган жана чапталган таңгактагы товарлар, мында таңгакты ачмайын же бузмайын ичиндегиси өзгөрүшү мүмкүн болбогон, ал эми таңгактын ичиндеги товардын массасы, көлөмү, узундугу, аянты жана башка көрсөткүчтөрү таңгактын сыртында белгилениши керек.
2. Жобого ылайык "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө өлчөө бирдиктүүлүгү, метрологиялык эрежелерди жана ченемдерди камсыздоо жаатында ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышына метрологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан мамлекеттик метрологиялык көзөмөл (мындан ары - ММК) жүргүзүү тартиби белгиленген.
3. ММКнын негизги принциптери:
1) текшерилүүдөгү чарба жүргүзүүчү субъекттердин ак ниеттүүлүк презумпциясы, башкача айтканда чарба жүргүзүүчү субъект милдеттүү талаптарды жана башка шарттарды, эгер башка белгиленбесе, бузган деп таанылбайт;
2) ММК жүргүзүүдө алардын сакталышы текшерилүүчү, милдеттүү талаптарды жана шарттарды белгилөөчү акттардын чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
3) ММКны үзгүлтүксүз жана ыкчам жүргүзүү, башкача айтканда аны белгиленген мөөнөттүн ичинде толук максималдуу тездикте ишке ашыруу.
4. Ыйгарым укуктуу органда:
- ММК метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүм (жетекчиси, адиси) (мындан ары - метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүм) тарабынан ишке ашырылат;
- ММК метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүм тарабынан же башка контролдук-көзөмөлдөөчү органдар менен биргеликте жүргүзүлүшү мүмкүн;
- ММК метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмдүн адиси же метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмдүн көзөмөл жүргүзүү үчүн жооптуу адистеринин бири жетектеген комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Комиссиянын курамын метрологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси аныктайт. ММК жүргүзүү үчүн ушул Жобонун 1-тиркемесинде каралган форма боюнча текшерүү жүргүзүүгө тескеменин (буйрук, жазма буйрук) болушу зарыл.
5. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл төмөнкүлөргө жүргүзүлөт:
- өлчөө каражаттарын (мындан ары - ӨК) чыгарууга, алардын абалына жана колдонулушуна, анын ичинде заттардын (материалдардын) курамынын жана касиеттеринин стандарттык үлгүлөрүнө, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу, метрологиялык эрежелер жана ченемдер жаатында ченемдик укуктук актылардын сакталышына;
- массанын анык маанисин, көлөмүн, чыгымын же башка чоңдуктарын жана ушул товарлардын сатылган санына шайкештигин аныктоо максатында соода операцияларын жүргүзүүдө ээликтен ажыратылган товарлардын санына;
- таңгакты ачмайын же бузмайын ичиндегиси өзгөрүшү мүмкүн болбогон, ал эми таңгактын ичиндеги товардын массасы, көлөмү, узундугу, аянты жана таңгакта камтылган товардын санын көрсөтүүчү башка көрсөткүчтөрү таңгактын сыртында белгиленген учурларда таңгактоодо, сатууда, импорттоодо каалаган түрдөгү таңгакка өлчөп салынган товарлардын санына.
6. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл төмөнкү мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө жайылтылат:
1) саламаттык сактоого, ветеринарияга;
2) айлана-чөйрөнү коргоого, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга;
3) эмгектин коопсуз шарттарын жана коргоону камсыз кылууга;
4) ишканалар, уюмдар жана жарандар - чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан жүргүзүлүүчү ички эсепке алууну кошпогондо, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу бөлүгүндө энергетикалык жана материалдык ресурстарды (электр, жылуулук энергиясы, газ, суу ж.б.) эсепке алууда өндүрүшчү (сатуучу) менен керектөөчүнүн (сатып алуучунун) ортосунда соода операцияларын жана өз ара эсептешүүлөрдү ишке ашырууга;
5) почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнө жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүн (байланыштыруу узактыгы жана трафиктин көлөмү) эсепке алууга;
6) техникалык жөнгө салуунун милдеттүү чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга.
7. Саламаттык сактоо, ветеринария, айлана-чөйрөнү коргоо, транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, эмгектин коопсуз шарттарын жана коргоону камсыз кылуу, соода операциялары жана өз ара эсептешүүлөр, почта байланыш кызмат көрсөтүүлөрү жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн көлөмүн (байланыштыруу узактыгы жана трафиктин көлөмү) эсепке алуу жаатындагы ММКнын предмети болуп төмөнкүлөр саналат:
- колдонулуучу ӨК контролдоону камсыздоо системасынын болушу;
- колдонулуучу ӨК абалы үчүн жооптуу адамдын болушу;
- ӨК мезгилдүү текшерилишин көрсөтүү менен бекитилген графиктин жана алардын аткарылышын контролдоонун болушу;
- эталондорду жана ӨК көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү;
- эталондорду идентификациялоо жана алардын метрологиялык жана техникалык мүнөздөмөлөрүн документ түрүндө тариздөө;
- эталондордун иштеши үчүн шарттардын жана документтик жактан таризделген эталондорду колдонуу жана сактоо эрежесинин болушу;
- эталонду калибрлөөнүн (текшерүүнүн) натыйжасында алынган өлчөөнүн анык эместигинин бул эталондун дайындалышында аныкталган талаптарга шайкештиги;
- текшерүү (калибрлөө) каражаты катары же лабораториялар аралык салыштыруулар үчүн гана эталондорду колдонуу, аларды башка максаттарда пайдаланууга жол берилбейт;
- эталондорду квалификациялуу кызматкерлердин гана пайдалануусу; эталондор үчүн жеке жооптуу адамдарды дайындоо;
- эталондорду текшерүү/калибрлөө жана пайдалануу боюнча бекитилген жана таанылган жол-жоболордун болушу;
- эталондордун мүнөздөмөлөрүнө ылайык аныкталган, калибрлөө (текшерүү) ортосундагы аралыкты белгилөө;
- өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоону мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу ӨК тизмесинин болушу жана толуктугу;
- ошол юридикалык жактын күчү менен ӨК текшерүү жүргүзүү укугу;
- өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоону мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө пайдалануучу өлчөөлөрдү аткаруу методикаларын аттестациялоо;
- мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу ӨК тибин жана текшерүүнү бекитүү;
- ӨК абалынын жана аларды эксплуатациялоо шарттарынын ушул Жобонун 2-тиркемесинде каралган форма боюнча белгиленген талаптарга шайкештиги;
- текшерүүчү катары аны жүргүзгөн адамдарды аттестациялоону тастыктоочу документтердин болушу;
- текшерүү жөнүндө документтердин жана ӨКтө текшерүү эн тамгасынын болушу.
Жогоруда көрсөтүлгөндөр министрликтердин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ведомстволорунун жооптуу бөлүмдөрү/адамдары тарабынан текшерилет. Адистин кароосу боюнча мамлекеттик метрологиялык көзөмөл объектиси министрликтин айрым түзүмдүк бөлүмдөрү жана менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер болушу мүмкүн.
8. Соода чөйрөсүндө ММКнын предмети төмөнкүлөр болуп саналат:
- колдонулуучу ӨК контролдоону камсыздоо системасынын болушу;
- колдонулуучу ӨК абалы үчүн жооптуу адамдын болушу;
- ӨК мезгилдүү текшерилишин көрсөтүү менен бекитилген графиктин жана алардын аткарылышын контролдоонун болушу;
- ӨК абалы жана колдонулушу, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатында ченемдик укуктук актыларды, метрологиялык эрежелер менен ченемдерди сактоо;
- массанын иш жүзүндөгү маанисин, көлөмүн, сарпталышын жана башка чоңдуктарын жана бул товарлардын сатылган санына шайкештигин аныктоо максатында контролдук сатып алууда ээликтен ажыратылуучу товарлардын саны;
- таңгакты ачмайын же бузмайын ичиндегиси өзгөрүшү мүмкүн болбогон учурда, ал эми товардын таңгагынын ичиндегилердин санын көрсөтүүчү массасы, көлөмү, узундугу, аянты же башка чоңдуктары таңгакта белгиленген учурларда аларды өлчөп-ороодо, сатууда, импорттоодо ар кандай түрдөгү таңгактарда оролгон товарлардын саны;
- ММК жүргүзүлүүгө тийиш болгон таңгактарда оролгон товарлардын тизмегин тактоо;
- ярлыктарда (этикеткаларда) же таңгактарда керектөө товарынын номиналдык саны жөнүндө маалыматты, жол берилген четтөөлөрдүн чегин, даярдоочу ишкананын жана ороп-таңгактоочу ишкананын аталышын жана дарегин тактоо;
- таңгактагы оролгон товарлардын санына талаптарды жөнгө салуучу ченемдик документтерди тактоо;
- ушул Жобонун 4-тиркемесинде каралган форма боюнча тандалып алынган үлгүлөрдү кийин чарба жүргүзүүчү субъектке: кайтарып берүү менен ММК жүргүзүү үчүн оролгон товарлардын үлгүлөрүн тандоону уюштуруу;
- ушул Жобонун 5-тиркемесинде каралган форма боюнча ичиндеги неттонун санын өлчөө.
Ар бир жекече таңгакчада тандоо жеринде оролгон товарлардын тандап алынган үлгүлөрүнүн ичинен же зарыл болгон учурда тандалып алынган оролгон товарлар өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн аккредитацияланган лабораторияга берилет, ошондой эле өлчөө каражаттарынын абалы жана колдонуунун тууралыгы, аткаруу методикасы жана өлчөө жыйынтыктарын иштеп чыгуулар текшерилет. Ар кандай түрдөгү таңгактардагы оролгон товарлардын санына карата метрологиялык талаптардын сакталышына мамлекеттик метрологиялык көзөмөл текшерүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан чыгымдар мүмкүн болушунча аз болгондой уюштурулууга, мүмкүн болсо массаны жана тыгыздыкты өлчөөлөр таңгакты ачпастан өлчөөлөрдүн кыйыр методдорун колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
9. Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө, тактап айтканда продукцияга жана/же ага байланышкан долбоорлоо (изилдөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстерине милдеттүү талаптарды иштеп чыгууда, кабыл алууда, колдонууда жана аткарууда, ошондой эле шайкештигин милдеттүү баалоодо ММКнын предмети төмөнкүлөр болуп саналат:
1) колдонулуучу ӨК контролдоону камсыздоо системасынын болушу;
2) колдонулуучу ӨК абалы үчүн жооптуу адамдын болушу;
3) ӨК текшерүүнүн жана алардын аткарылышын контролдоонун мезгилдүүлүгүн көрсөтүү менен бекитилген графиктин болушу;
4) эталондорго жана ӨК байкоо жүргүзүлүшү;
5) эталондорду идентификациялоо жана алардын метрологиялык жана техникалык мүнөздөмөлөрүн документтик тариздөө;
6) эталондордун иштөөсү үчүн шарттардын жана документтик түрдө таризделген эталондорду колдонуу жана сактоо эрежелеринин болушу;
7) эталондорду калибрлөөнүн (текшерүүнүн) натыйжасында алынган өлчөөлөрдүн аныксыздыгынын бул эталондун багытында аныкталган талаптарга шайкештиги;
8) эталондорду текшерүү (калибрлөө) каражаты катары гана жана башка максаттар үчүн эмес, лабораториялар аралык салыштыруулар үчүн колдонуу;
9) эталондорду квалификациялуу персоналдын гана колдонушу; эталондор үчүн жеке жооптуу адамдарды дайындоо;
10) эталондорду текшерүү/калибрлөө жана пайдалануу боюнча бекитилген жана таанылган жол-жоболордун болушу;
11) эталондордун мүнөздөмөлөрүнө ылайык аныкталган калибр (текшерүү) аралык интервалды белгилөө;
12) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө пайдаланылуучу ӨК тизмегинин болушу жана толуктугу;
13) аталган юридикалык жактын күчү менен ӨК текшерүү жүргүзүү укугу;
14) өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө пайдаланылуучу өлчөөлөрдү аткаруу методикаларынын аттестациясы;
15) мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө пайдаланылуучу ӨК тибин бекитүү жана текшерүү;
16) ӨК абалынын жана аларды эксплуатациялоо шарттарынын ушул Жобонун 2-тиркемесинде каралган форма боюнча белгиленген талаптарга шайкештиги;
17) текшерүүчү катары текшерүү жүргүзгөн адамдарды аттестациялоону ырастоочу документтердин болушу;
18) текшерүү жөнүндө документтердин жана ӨКтө текшерүү эн тамгасынын болушу.
10. ММК жүргүзүлүүгө тийиш болгон объекттердин (объекттердин категориялары) классификациясы тобокелдик даражасы боюнча бөлүнөт. Мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ишти жүргүзүүдөгү тобокелдик деңгээли өлчөөлөрдүн анык эмес жыйынтыктарынын натыйжасында жарандарга жана Кыргыз Республикасынын экономикасына зыян келтирүү мүмкүндүгүнө жараша аныкталат.
Жыйынтыктары төмөнкү учурларда пайдаланылуучу өлчөөлөр менен байланышкан иштин түрлөрү тобокелдиктин жогорку даражасына кирет:
- жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыздоо боюнча иштерде;
- эмгектин жана транспорт кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иштерде;
- айлана-чөйрөнүн абалын контролдоодо;
- мамлекеттик эсепке алуу операцияларында, сатып алуучулар (керектөөчүлөр) жана сатуучулардын (берүүчүлөр, өндүрүүчүлөр, аткаруучулар) ортосундагы соода-коммерциялык операцияларда, анын ичинде тиричилик жана коммуналдык кызматтар жана байланыш кызматтары чөйрөсүндө.
Жыйынтыктары төмөнкү учурларда пайдаланылуучу өлчөөлөр менен байланышкан иштин түрлөрү тобокелдиктин орточо даражасына кирет:
- геодезияда, геологияда жана гидрометрологияда иш жүргүзүүдө;
- курал-жарак, аскердик жана атайын техника, атайын продукциялардын башка түрлөрүн өндүрүүдө;
- энергетикалык ресурстардын бардык түрлөрүн алууда, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, ташууда, сактоодо жана керектөөдө;
- сыноолордо, текшерүү, ӨК калибрлөөдө, лицензиялануучу иште;
- техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык шайкештикти баалоо боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик органдардын, соттун жана укук коргоо органдарынын тапшырмалары боюнча аткарылуучу иштерде.
Жыйынтыктары төмөнкү учурларда пайдаланылуучу өлчөөлөр менен байланышкан иштин түрлөрү тобокелдиктин анча чоң эмес даражасына кирет:
- илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө;
- улуттук жана эл аралык спорттук рекорддорду каттоодо.
Тобокелдиктин жогорку (пландык текшерүүнүн жалпы санынын 80%), орточо (15%) жана анча чоң эмес (5%) даражасына кирген өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө текшерүү субъекттери текшерүүлөрдүн планына киргизилет.
2. Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жана жол-жоболору
11. Соода операцияларын жүргүзүүдө ээликтен ажыратылган, оролгон товарлардын санын текшерүүнү жүргүзүүчү метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүм алдын ала кабарлабастан ММК жүргүзүүгө укуктуу.
Бул учурда адис контролдук сатып алууну жүргүзгөндөн кийин текшерүү тескемесин (буйрук, жазма буйрук) жана кызматтык күбөлүгүн көрсөтөт. Контролдук сатып алууну жүргүзүүдө адис кеминде үч аталыштагы товарды алууга милдеттүү. Товарларды берүүнүн жана жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдүн тууралыгын текшерүүнү сатуучу кассалык чекти же кассир накталай акчаларды алгандан кийин жана сатып алуучуга товарлар берилгенден кийин жүргүзүлөт, ал эми өзүн-өзү тейлөөчү соода түйүндөрүндө - контролер-кассир акчаны алып, чекти жана сатып алынгандарды бергенден кийин жүргүзүлөт жана ушул Жобонун 3-тиркемесинде каралган форма боюнча акт таризделет. Адис сатып алган жана контролдук сатып алуу деп жарыяланган товарлар администрациянын өкүлү чакырылганга чейин соода текчесинде же эсептешүү түйүнүндө калууга тийиш. Зарыл болгон учурларда кайра таразага тартууда (кайра өлчөөдө) алар сатуучунун жана администрациянын өкүлүнүн катышуусунда башка жерге алынып барышы мүмкүн. Контролдук өлчөөлөр оң абалдагы, товарды берген адамдар менен биргеликте текшерилген ӨК жүргүзүлөт.
12. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган жана чарба жүргүзүүчү субъекттер төмөнкү документтерди пайдаланат:
- инспектордук текшерүүлөрдү каттоо китепчесин;
- текшерүү жөнүндө кабарлоону;
- ыйгарым укуктуу органдын текшерүү тескемесин (буйрук, жазма буйрук);
- ӨК абалына ревизия жүргүзүүнүн жыйынтыктары тууралуу актыны;
- соода операцияларын жүргүзүүдө ээликтен ажыратылган товарлардын санын аныктоодо метрологиялык ченемдердин жана эрежелердин сакталышын текшерүү актысын;
- даяр таңгактардын үлгүлөрүн тандап алуу актысын;
- даяр таңгактардын неттосун өлчөөнүн протоколун;
- метрологиялык көзөмөл актысын (6-тиркеме);
- өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрукту (7-тиркеме);
- бекитилген типке шайкеш келбеген бекитилбеген типтеги текшерилбеген же бузук ӨК колдонууга жана берүүгө тыюу салуу жөнүндө жазма буйрукту (8-тиркеме);
- текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымкатты (10-тиркеме);
- ыйгарым укуктуу органдын ММК алдында документтерди жана маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талабын;
- бузууларды четтетүү тууралуу кабарлоону (9-тиркеме);
- ыйгарым укуктуу органга чарба жүргүзүүчү субъекттин суроо-талабын;
- метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмдүн суроо-талабына чарба жүргүзүүчү субъекттин жообу;
- чарба жүргүзүүчү субъекттин ыйгарым укуктуу органдын жана анын кызмат адамдарынын аракетине (аракетсиздигине) даттануулары.
Метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүм жогоруда көрсөтүлгөн документтердин бардыгын каттоону жүргүзүүгө милдеттүү.
13. Метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүм ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин колу менен чарба жүргүзүүчү субъектке төмөнкүдөй кабарлоону жөнөтүүгө милдеттүү:
1) макулдашылган текшерүүлөрдүн планына шилтеме жасоо менен алдыдагы пландуу текшерүү жөнүндө;
2) мыйзамда белгиленген милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтүнүн келип жеткендиги же мөөнөтү өтүп кеткендиги жөнүндө;
3) берилген маалыматтарды жана эсептерди оңдоо жөнүндө;
4) текшерилүүгө тийиш болгон мыйзамдардын талаптарын аткаруу тартибинин жана мөөнөттөрүнүн өзгөргөндүгү жөнүндө;
5) ыйгарым укуктуу орган менен чарба жүргүзүүчү субъекттин өз ара мамилелерине таандык нускамалык кеңешмелер жана башка маалыматтар жөнүндө эркин формада.
3. Бузуулар үчүн жоопкерчилик жана мамлекеттик метрологиялык көзөмөл органдарынын аракеттерине жана чечимдерине даттануу тартиби
14. Метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүм жана анын кызмат адамдары мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
15. Ыйгарым укуктуу органдын иш-аракеттерине жана чечимдерине даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16. Чарба жүргүзүүчү субъект өз ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жана техникалык регламенттердин талаптарын бузгандыгы, ошондой эле ушул Жобону бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
Begin_nocompare
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
МАМЛЕКЕТТИК МЕТРОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ ТЕСКЕМЕНИН ФОРМАСЫ ______________________________________________________________________________ (метрологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана түзүмдүк бөлүмдүн аталышы) Дареги ___________________________ Телефону ____________________________________ 20____-ж. "_____" _____________ № ________________________________________________ Жетекчиге ______________________________________________________________________ (текшерүүдөгү ишкердик субъектинин аталышы) _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү) _______________________________________________________________________________ (текшерүүдөгү ишкердик субъектинин дареги) Текшерүү жүргүзүүгө ТЕСКЕМЕ "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 20___-ж. "____" _____________ тартып 20__-ж. "____" _____________ чейин өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону текшерүү максатында төмөнкүлөргө мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүлөт: _______________________________________________________________________________ Текшерүүнү жүргүзүү метрологиялык көзөмөл боюнча адистерге тапшырылды: _____________ _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү) Текшерүүнүн жетекчиси ___________________________________________________________ (аты-жөнү) "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык текшерүүдөгү объекттин жооптуу адамдары метрологиялык көзөмөл боюнча адиске жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
М.О.
Жетекчи ___________________________________________________ ____________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) (колу)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
ЧЕНЕМДЕР ЖАНА ӨЛЧӨӨ ПРИБОРЛОРУНУН АБАЛЫН ТЕКШЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ БОЮНЧА АКТЫНЫН ФОРМАСЫ ________________________________________________________________________ (метрологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана түзүмдүк бөлүмдүн аталышы) Өлчөө каражаттарынын абалын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча АКТ 20___-жылдын "_____" _______________
______________________________________________________________________________ (район, шаар же облус) Мен __________________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) катышуусу менен _______________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) төмөнкүгө таандык ченемдер жана өлчөө приборлорунун абалына текшерүү жүргүздүм _____________________________________________________________________ (чарба жүргүзүүчү субъекттин аталышы) ______________________________________________________________________________ Текшерүүдөгү объекттин дареги, телефон номери: ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (текшерүүдөгү объекттин жетекчисинин аты-жөнү) Ченемдер жана өлчөө приборлорунун абалын текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды:
№
Ченемдер-дин жана өлчөө приборлор-унун аталышы, классы, разряды, өлчөө чеги
Текшерилген ченемдердин жана приборлордун саны
Анын ичинен текшерилген
Колдонууга жарактуу деп таанылган
Текшерилгендин арасынан колдонууга жараксыз деп таанылгандар
Эскертүү
Текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен
Бузулган
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча туура эместери
1
2
3
4
5
6
7
8
9
Бардыгы:
Ченемдерге жана өлчөө приборлоруна жүргүзүлгөн мамлекеттик көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтер жана башка бузуулар: ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________
Текшерүү жүргөн: _______________________________________________________________ (колу) Ишкердик субъектинин өкүлү ______________________________________________________ (колу)
Бул актыда көрсөтүлгөн колдонууга жараксыз ченемдер жана приборлор токтоосуз пайдалануудан алынсын. 7 жана 8-графаларда көрсөтүлгөн ченемдер жана приборлор оңдоого жөнөтүлсүн, ал эми 6-графада көрсөтүлгөн _______________________________ текшерүүгө жөнөтүлсүн. Жогорудагы бузууларды жоюуга _____________________________________ мөөнөт берилет.
Текшерүү жүргөн: _______________________________________________________________ (колу) Текшерүүгө ________________________________________________________ болгон бардык ченемдер жана өлчөө приборлору көрсөтүлгөнүн ырастайм. Актынын бир нускасын алдым _____________________________________________________ (аты-жөнү) Чарба жүргүзүүчү субъекттин өкүлү ________________________________________________ (колу) Бул акт боюнча 20_____-жылдын "____" _____________ № ______________ протокол түзүлдү. Контролдук текшерүүдө төмөнкүлөр аныкталды: ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________
20___-жылдын "____" _____________
Текшерүү жүргүзгөн _____________________________________________________________ (колу)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме
СООДА ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮДӨ ЭЭЛИКТЕН АЖЫРАТЫЛГАН ТОВАРДЫН САНЫН АНЫКТООДО МЕТРОЛОГИЯЛЫК ЧЕНЕМДЕРДИН ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРДИН САКТАЛЫШЫН ТЕКШЕРҮҮ АКТЫНЫН ФОРМАСЫ _________________________________________________________________________ (метрологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана түзүмдүк бөлүмдүн аталышы) Соода операцияларын жүргүзүүдө ээликтен ажыратылган товардын санын аныктоодо метрологиялык ченемдердин жана эрежелердин сакталышын текшерүү АКТЫ ____________________________________________________________________________ (ишкердик субъектинин аталышы, дареги) Ишкердик субъектинин жетекчиси: ____________________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү)
Түзүлдү:
Адис _______________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) Комиссиянын мүчөлөрү _______________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) Ишкердик субъектинин өкүлү ___________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) Соода операцияларын жүргүзүүдө ээликтен ажыратылган товардын санын текшерүүнүн жыйынтыгы:
Контролдук сатып алуунун аталышы
Билдирилген товарлардын саны (чоңдук бирд.) Арыздын (оозеки, жазуу жүзүндө)
Контролдук өлчөөнүн натыйжасында алынган товардын сандык мааниси (чоңдук бирд.)
Баасы (сом)
Товарга төлөнгөн сумма (сом)
Товардын иш жүзүндөгү баасы (сом)
Бузуунун түрү
1
2
3
4
5
6
7
Жыйынтыктар: ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________
Колу: Адис: _________________________________________________________________________ Контролдоо-көзөмөлдөө органдарынан текшерүүнүн катышуучулары: _____________________ ______________________________________________________________________________ Текшерилген ишкердик субъектинин өкүлү ___________________________________________
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме
ДАЯР ТАҢГАКТЫН ҮЛГҮЛӨРҮН ТАНДОО АКТЫНЫН ФОРМАСЫ _____________________________________________________________________ _____________________________________________________________________ (метрологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана түзүмдүк бөлүмдүн аталышы) Даяр таңгактын үлгүлөрүн тандоо АКТЫ № ___________________ ______________________________________________________________ (үлгүнү тандоо орду) 20____-ж "____" _________________
Биз: ________________________________________________________________________ (адистин кызмат орду, аты-жөнү) ______________________________________________________________________________ (текшерүүдөгү ишкердик субъектинин ______________________________________________________________________________ өкүлүнүн кызмат орду, аты-жөнү) Өндүрүлгөн (сатуудагы) даяр таңгактын нетто түзүмүн контролдоо максатында ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (текшерүүдөгү ишкердик субъектинин аталышы) Төмөнкү продукциянын үлгүлөрү алынды:
Текшерүүдөгү продукциянын аталышы
Саны, даана
Толтуруунун номиналдык саны, QN
Партиянын номери
Партиянын өлчөмү
Даярдалган күнү
Даярдоочу
Жеткирүүчү (сатуучу)
Тез бузулуучу продукциянын сактоо мөөнөтү: 20____-ж "____" ______________ ____________ чейин
______________________________ _____________ __________________________________ (адистин кызмат орду) (колу) (аты-жөнү)
Актынын көчүрмөсүн, үлгүлөр тандалып алынган продукциянын партиясын алдым, текшерүү аяктаганга чейин сактоого милдеттенем. _________________ ____________________________________________________________ (колу) (ишкердик субъектинин өкүлүнүн аты-жөнү)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме
ДАЯР ТАҢГАКТАРДЫН НЕТТОСУН ӨЛЧӨӨ ПРОТОКОЛУНУН ФОРМАСЫ _______________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) Ичиндегиси бирдей неттодогу даяр таңгактардын неттосун өлчөө ПРОТОКОЛУ _______________________________ ______-жылдын "____" ______________ (үлгүлөр тандалып алынган жер)
Мен _______________________________________________________________________ (адистин кызмат орду, аты-жөнү,) ______________________________________________________________________________ (контролдонуучу ишкердик субъектинин аталышы) ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (контролдонуучу ишкердик субъектинин өкүлүнүн кызмат орду, аты-жөнү) катышуусунда 20_____-жылдын "_____" ________________ № _____________________ даяр таңгактагы үлгүлөрдү тандоо актысына ылайык жүргүзүлгөн тандоодогу ар бир жеке даяр таңгактын ичиндегинин неттосун өлчөөлөрдү жүргүздүм. Продукциянын аталышы: _________________________________________________________ партиянын № ________________, номиналдык саны (QN) ______________________________, терс четтөөлөрдүн жол берилген чеги (Т) ___________________________________________, тандоонун көлөмү (n) ______________________________________________________ даана; текшерүүнүн түрү _______________________________________________________________, (бузуучу/бузбоочу) кабыл алуунун саны(с) ___________________________________________________________, жараксыздыкка чыгаруунун саны(d) _________________________________________________, тандоо үчүн неттонун орточо мааниси _______________________________________________, орточо квадраттык четтөө S = ______________________________________________________, неттонун такталган орточо мааниси М = х + k * S _______________________________________
i
i
i
i
i
i
i
i
5
0
7
1
8
2
9
Тандоодогу ар бир жеке даяр таңгактын ичиндегинин неттосун өлчөөнүн натыйжалары боюнча партия _________________________________________________________________________________ (кабыл алынды/жараксыздыкка чыгарылды) _________________________ ______________________ __________________________ (адистин кызмат орду) (колу) (аты-жөнү)
Контролдонуучу ишкердик субъектинин өкүлү _________________________ ______________________ __________________________ (кызмат орду) (колу) (аты-жөнү) ИЧИНДЕГИСИ БИРДЕЙ ЭМЕС НЕТТОДОГУ ДАЯР ТАҢГАКТАРДЫН НЕТТОСУН ӨЛЧӨӨ ПРОТОКОЛУНУН ФОРМАСЫ ___________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) Ичиндегиси бирдей эмес неттодогу даяр таңгактардын неттосун өлчөө ПРОТОКОЛУ ______________________________________ "____" _______________-ж. (үлгүлөр тандалып алынган жер)
Мен ___________________________________________________________________________ (адистин кызмат орду, аты-жөнү,) ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (контролдонуучу ишкердик субъектинин аталышы) ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (контролдонуучу ишкердик субъектинин өкүлүнүн кызмат орду, аты-жөнү) катышуусунда 20_____-жылдын "____" _________ № ________ даяр таңгактагы үлгүлөрдү тандоо актысына ылайык жүргүзүлгөн тандоодогу ар бир жеке даяр таңгактын ичиндегинин неттосун өлчөөлөрдү жүргүздүм. Продукциянын аталышы: ________________________________________________________ партиянын № ____________________________, номиналдык саны (QN) _________________, терс четтөөлөрдүн жол берилген чеги (Т) __________________________________________, тандоонун көлөмү (n) ______________________________________________________ даана. текшерүүнүн түрү _____________________________________________________________, (бузуучу/бузбоочу) кабыл алуунун саны (с) _________________________________________________________, жараксыздыкка чыгаруунун саны (d) _______________________________________________, тандоо үчүн неттонун орточо мааниси _____________________________________________, орточо квадраттык четтөө S = ____________________________________________________, неттонун такталган орточо мааниси М = х + k * S ____________________________________.
№
xi
Номиналдык саны, QN
Терс четтөөлөрдүн жол берилген чеги, Т
1
2
3
4
Тандоодогу ар бир жеке даяр таңгактын ичиндегинин неттосун өлчөөнүн натыйжалары боюнча партия _________________________________________________________________________________ (кабыл алынды/жараксыздыкка чыгарылды) _________________________ ______________________ __________________________ (адистин кызмат орду) (колу) (аты-жөнү)
Контролдонуучу ишкердик субъектинин өкүлү _________________________ ______________________ __________________________ (кызмат орду) (колу) (аты-жөнү)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме
МАМЛЕКЕТТИК МЕТРОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА АКТТЫН ФОРМАСЫ ____________________________________________________________________ (метрологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана түзүмдүк бөлүмдүн аталышы) Метрологиялык көзөмөлдөө АКТЫСЫ 20____жылдын "____" _______________ № __________
Текшерүүлөр ___________________________________________________________________ (текшерүүдөгү ишкердик субъектинин аталышы жана дареги) Негизинде: _____________________________________________________________________ (жолдомонун (жазма буйруктун) номери жана датасы) Ушул акт метрологиялык көзөмөлдөө боюнча адис тарабынан түзүлдү ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ Катышуусунда: _________________________________________________________________ Катышуусу менен _______________________________________________________________ Текшерүүнү жүргүздүк ___________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (текшерилген объекттин аталышы (ӨК, СҮ абалы жана колдонулушу, ченемдик укуктук актылардын, метрологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышы, ээликтен ажыратылган жана таңгакталган товарлар))
1. Баштапкы маалыматтар _______________________________________________________
2. Текшерүүнүн жыйынтыктары ___________________________________________________
3. Бузуунун себептери __________________________________________________________
4. Тыянактар __________________________________________________________________
Текшерүүгө катышкандар жана катышуучулардын колу:
(______________________________) _____________________________________ (______________________________) _____________________________________ (______________________________) _____________________________________
Жазма буйрукту жана актынын бир нускасын алдым: ____________________ ______________________________________________ (колу) (аты-жөнү)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 7-тиркеме
ӨЛЧӨӨ БИРДИКТҮҮЛҮГҮН КАМСЫЗ КЫЛУУ ЖААТЫНДАГЫ ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫН ТАЛАПТАРЫН БУЗУУЛАРДЫ ЧЕТТЕТҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗМА БУЙРУКТУН ФОРМАСЫ __________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмдүн аталышы)
Жетекчиге _____________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (текшерилүүчү ишкердик субъектинин аталышы) ______________________________________________________________________________ (жетекчинин аты-жөнү) ______________________________________________________________________________ (текшерилүүчү ишкердик субъектинин дареги) ЖАЗМА БУЙРУК 20___-жылдын "____"___________ №_______________________
20___-жылдын "____"___________ №_____________ текшерүү актысынын негизинде берилди. Текшерүүдө _____________________________________________________________________ (жумуштун аталышы) ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу аныкталган ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (талаптары бузулган актылардын аталышы) ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын негизинде өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды аныкталган бузуулар 20___-жылдын "____"________________ чейин четтетилүүгө тийиш. Бул жазма буйрукту аткарбаганы үчүн ишкердик субъектинин жетекчиси колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат. Бул жазма буйруктун аткарылгандыгы тууралуу 20___-жылдын "____"__________ чейин кабарлоону өтүнөм.
Метрологиялык көзөмөл боюнча адис: _____________ ________________________ (колу) (аты-жөнү)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 8-тиркеме
БЕКИТИЛГЕН ТИПКЕ ШАЙКЕШ КЕЛБЕГЕН БЕКИТИЛБЕГЕН ТИПТЕГИ ТЕКШЕРИЛБЕГЕН ЖЕ БУЗУК ӨЛЧӨӨ КАРАЖАТЫН КОЛДОНУУГА ЖАНА БЕРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛУУ ЖӨНҮНДӨ ЖАЗМА БУЙРУКТУН ФОРМАСЫ _______________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмдүн аталышы)
Жетекчиге _____________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (текшерилүүчү ишкердик субъектинин аталышы) ______________________________________________________________________________ (жетекчинин аты-жөнү) ______________________________________________________________________________ (текшерилүүчү ишкердик субъектинин дареги) ЖАЗМА БУЙРУК 20___-жылдын "____"___________ №_______________________
20___-жылдын "____"___________ №_____________ текшерүү актысынын негизинде берилди. Өлчөө каражаттарын берүүнүн, абалын жана колдонулушун, өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, ээликтен ажыратылган жана оролгон товарлардын метрологиялык ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышын текшерүүдө төмөнкүдөй бузуулар аныкталган: ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (конкреттүү бузуу фактылары) Мунун негизинде төмөнкүлөргө тыюу салынат: ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (бекитилген типке шайкеш келбеген бекитилбеген типтеги (текшерилбеген же бузук) өлчөө каражатын колдонуу жана берүү) ______________________________________________________________________________ Эн тамгалары өчүрүлдү (же текшерүү жөнүндө күбөлүгү жокко чыгарылды) ______________________________________________________________________________ (туура эмес көрсөткүчтөрдү берген же текшерүү аралык интервалынын мөөнөтү өтүп кеткен өлчөө каражаттарынын тизмеги) 20_____-жылдын "______" _____________ мөөнөткө чейин төмөнкүлөрдү четтетүүгө ______________________________________________________________________________ (четтетилүүчү бузуулардын аталышы) Эскертүү берилет.
Метрологиялык көзөмөл боюнча адис: _____________ ________________________ (колу) (аты-жөнү)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 9-тиркеме
БУЗУУЛАРДЫ ЧЕТТЕТҮҮ ЖӨНҮНДӨ КАБАРЛООНУН ФОРМАСЫ ________________________________________________________________________ ________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы, метрологиялык көзөмөл боюнча түзүмдүк бөлүмдүн аталышы)
Жетекчиге ________________________________________________________________________ (текшерилүүчү ишкердик субъектинин аталышы) ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (жетекчинин аты-жөнү) ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (текшерилүүчү ишкердик субъектинин дареги) КАБАРЛОО 20___-жылдын "____"___________ №_______________________
20___-жылдын "_____" ___________ № ______ бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктун негизинде берилди ______________________________________________________________________ текшерүүдө (текшерүүнүн максаты, түрү жана предмети) _________________________________________________________________________________ бузуулар аныкталган: _________________________________________________________________________________ _________________________________________________________________________________ (талаптары бузулган актылардын аталышы) конкреттүү бузуу фактылары ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды аныкталган бузуулар 20___-жылдын "_____" ___________ чейин четтетилүүгө тийиш. Бул жазма буйрукту аткарбаганы үчүн ишкердик субъектинин жетекчиси колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
Метрологиялык көзөмөл боюнча адис
______________________
________________________________________
(колу)
(аты-жөнү)
М.О.
Жетекчи
______________________
________________________________________
(колу)
(аты-жөнү)
Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 10-тиркеме
ТЕКШЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА КӨРҮЛГӨН ЧАРАЛАР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТЫН ФОРМАСЫ ________________________________________________________________________ (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы) Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө МААЛЫМАТ Ишкананын аталышы: ___________________________________________________________ Бузуунун түрү: _________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ Текшерүү датасы: Текшерүүнүн башталышы: 20___-ж. "___"______________ Текшерүүнүн аякташы: 20__-ж. "___"__________________ Мурунку текшерүүнү жүргүзгөн адис: _______________________________________________ Мурунку текшерүү жүргүзүлгөн дата: _______________________________________________
1. Адис (текшерүүнүн жетекчиси) тарабынан көрүлгөн чаралар:
______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________
2. Укуктук чараларды көрүү жөнүндө адистин (текшерүүнүн жетекчисинин) сунушу:
______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________
3. Метрологиялык көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими:
______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________
4. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча иш жүзүндө көрүлгөн укуктук чаралар:
______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 32 "Мамлекеттик метрологиялык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.01.2023 · № 32