# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 716
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159869>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21976/edition/1251143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159869.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159869

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 27-декабры № 716

Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине акы төлөө системасын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттун 2-пунктчасында:

үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктта:

1-пунктчада: жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы."; 2-пунктчада: тогузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: "- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 423 "Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктта:

6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын: "7) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пунктта:

төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "- календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".

6. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын, 2-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын, 3-пункттун бешинчи, алтынчы, тогузунчу, онунчу абзацтарын, 4-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын, 5-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
