# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 19 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 19 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2023
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159861>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21969/edition/1209252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159861.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 19 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159861

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 383 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 16-январы № 19 Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 14-ноябрындагы № 375 "Кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 7204 коду менен классификациялануучу кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын, кайра эритүү үчүн кара металлдардын куймаларын (шихт куймаларын) Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен 1-пунктта көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен 1-пунктта көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 427 "Кыргыз Республикасынан кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
