# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 14 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 14 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21966/edition/1211660/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 14 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159856

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2023-жылдын 13-январы № 14 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 61-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 557 "Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо тартибинде: 5-таблица төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "

5

2015-2022-жылдары

30

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
