# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы N 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы N 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 266
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21965/edition/1207892/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы N 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө"токтому (21.05.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159851

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 21-майы № 266 Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө Киберкоопсуздукту координациялоо жана камсыздоо боюнча улуттук инфратүзүмдү өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, санариптик трансформациялоо бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 16-июнундагы № 46 жарыяланды

Премьер-министри

М.Д. Абылгазиев
