# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январы, № 12 "Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борборун түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январы, № 12 "Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борборун түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 12
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159842>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21959/edition/1268223/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159842.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январы, № 12 "Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борборун түзүү жөнүндө" токтому (19.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159842

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-январы, № 12

Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борборун түзүү жөнүндө

( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасында ишкердик ишти колдоо жана өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Ош шаарынын жана Ош облусунун ишкерлерин тейлөө борборун (мындан ары – Борбор) ачуу боюнча чараларды көрсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Борборду түзүү жана иштетүү менен байланышкан уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечсин.

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Борбордун ишине тартылган мамлекеттик органдар ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
