Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2023-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларынын майыптык боюнча пенсияларынын эң төмөнкү өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулардын пенсияларына компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 10-январы № 3 2023-жылдын 1-январынан тартып мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларынын майыптык боюнча пенсияларынын эң төмөнкү өлчөмүн жана Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулардын пенсияларына компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө
"Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесин ишке ашыруу жана пенсионерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу ишине Кыргыз Республикасынын жарандарынын олуттуу салымын таанып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин "в" пунктунда каралган мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен аскер кызматчыларынын майыптык боюнча пенсияларынын эң төмөнкү өлчөмү 2023-жылдын 1-январынан тартып 6300 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган Чернобыль АЭСиндеги жана жарандык же аскердик багыттагы башка атомдук объекттердеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучулардын пенсияларына ар айлык компенсациялык төлөмдөр 2023-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленсин:
1) пенсияларынын өлчөмдөрү 6300 сомдон ашкан адамдарга - 1000 сом;
2) пенсияларынын өлчөмдөрү 6300 сомго жетпеген адамдарга - 6300 сом менен алуучу пенсиясынын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катарында аныкталуучу, бирок 1000 сомдон кем эмес өлчөмдө.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомго ылайык пенсияларды жана компенсациялык төлөмдөрдү төлөө үчүн республикалык бюджетте кошумча каражаттарды карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык пенсияларды жана компенсациялык төлөмдөрдү кайра эсептесин, төлөп берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57