# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 13.01.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159828>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21949/edition/1284266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159828.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159828

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-январы № 6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору жөнүндө жободо:

- 5-пункттун 8-пунктчасындагы "жана ыкчам-издөө иш-чараларын" деген сөздөр ", контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иш-чараларын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
