Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 „Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 13-январы № 6 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Контрчалгындоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы № 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борбору жөнүндө жободо:
- 5-пункттун 8-пунктчасындагы "жана ыкчам-издөө иш-чараларын" деген сөздөр ", контрчалгындоо жана ыкчам-издөө иш-чараларын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 8-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-майындагы N 266 "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө"токтомуПостановление · 21.05.2020 · № 266
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Контрчалгындоо иши жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 58