Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү концепциясын бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-декабры № 723 Жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү концепциясын бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу, жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүү механизмин түзүү, ошондой эле алардын жүгүртүлүшүнө талаптагыдай контролду белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жаңы синтетикалык баңгизаттардын жана жаңы психоактивдүү заттардын пайда болушу жөнүндө билдирүүнүн улуттук механизмин киргизүү концепциясы (мындан ары - Концепция) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбооруна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине бир айлык мөөнөттө сунуштарды киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун сунуштарын жалпыласын жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы ПЖ № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Национальная программа развития Кыргызской Республики до 2026 года (к Указу Президента Кыргызской Республики от 12 октября 2021 года № 435)Программа · 12.10.2021 · № 435 · Күчүн жоготкон