# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675 "2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675 "2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 675
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159706>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/159706/edition/1229750/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159706.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 675 "2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө" токтому (14.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159706

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-декабры № 675 2023-жылга статистикалык программаны бекитүү жөнүндө

2023-жылы расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу максатында, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023-жылга статистикалык программа (мындан ары -Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, Кыргыз Реснубликасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбакер субъекттер (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тиешелуү органдарына Программада каралган мөөнөттөрде административдик жана жеке маалыматтарды берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга иландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин каражаттарынын чегинде каржылоого тиешелүү каражаттарды карасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
