# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 700 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун аянтчасында баалуу металлдарды сатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 700 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун аянтчасында баалуу металлдарды сатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 700
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159693>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21929/edition/1249845/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159693.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 700 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун аянтчасында баалуу металлдарды сатуу жөнүндө" токтому (16.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159693

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-декабры № 700 "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун аянтчасында баалуу металлдарды сатуу жөнүндө Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү жана баалуу металлдарды сатуу механизмин андан ары өркүндөтүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондунун баалуу металлдарын биржалык тооруктарда сатуунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республиканын өндүрүштүк, финансылык, илимий, социалдык-маданий керектөөлөрүн жана башка мамлекеттик кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн республикалык бюджетти түзүүдө биржалык тооруктарда аларды сатуу үчүн зарыл болгон көлөмдөрдө Кыргыз Республикасынын. Мамлекеттик баалуу металлдар жана асыл таштар фондун түзүү жана толуктоо үчүн бюджеттик каражаттардын көлөмүн, ошондой эле баалуу металлдарды "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому аркылуу сатууга даярдоо үчүн зарыл болгон чыгымдарды карасын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
