# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 709
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21928/edition/1201832/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-декабрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (22.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159692

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 22-декабры № 709 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасына Баткен облусунун Кадамжай районунун "Түндүк Сох мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык курулмалардын объекттерин оперативдүү башкаруу укугунда өткөрүп берсин.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 27-декабрындагы N 113 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
