# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 703 "2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 703 "2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 703
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159688>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21924/edition/1252449/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159688.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 703 "2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө" Токтому (16.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159688

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-декабры № 703 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги үч айлык мөөнөттө 2026-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
