Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2023-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-декабры № 689 2023-жылдын дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн рационалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн:
1) 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 8-январына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:
2023-жылдын 9-январындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 3-январындагы иш күнүнө; 2023-жылдын 25-февралындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 4-январындагы иш күнүнө; 2023-жылдын 11-мартындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 5-январындагы иш күнүнө; 2023-жылдын 25-мартындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 6-январындагы иш күнүнө;
2) 2023-жылдын 18-мартынан 2023-жылдын 21-мартына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:
2023-жылдын 29-апрелиндеги дем алыш күнү - 2023-жылдын 20-мартындагы иш күнүнө;
3) 2023-жылдын 5-майынан 2023-жылдын 9-майына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:
2023-жылдын 13-майындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 8-майындагы иш күнүнө;
4) 2023-жылдын 4-ноябрынан 2023-жылдын 8-ноябрына чейин дем алыш күндөрү болуп белгиленсин жана которулсун:
2023-жылдын 11-ноябрындагы дем алыш күнү - 2023-жылдын 6-ноябрындагы иш күнүнө.
2. Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик түрүндөгү юридикалык жактардын жетекчилерине ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык дем алыш күндөрүн которуу сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон