Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 „Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 16-декабры № 691 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын жана региондук органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик кызматчылар категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта:
- 1-пунктчанын экинчи абзацындагы "айлык орточо" деген сөздөр "айлык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2-пунктчанын экинчи абзацындагы "айлык орточо" деген сөздөр "айлык" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 25-пункттагы "3,55" деген цифралар "4,00" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун…Постановление · 29.07.2022 · № 408
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122