# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 617 "Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 617 "Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 617
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159677>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21914/edition/1224644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159677.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 617 "Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159677

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 617 Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Экономикалык концентрацияны контролдоо боюнча эрежелер тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июнундагы № 403 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-августундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 431 "Экономикалык концентрациянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын сакталышын контролдоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасында 2012-жылдын 15-ноябрында N 99 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
