# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 616
- Кабыл алынган күнү: 04.11.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159674>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21912/edition/1283091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159674.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (26.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159674

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 616 Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын төлөөнү, ошондой эле курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери кредитордук карыздар, ошондой эле курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери жөнүндө маалыматтарды берүүдө маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде күчүнө кирет.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 99 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
