# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 555
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159672>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21910/edition/1230486/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159672.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 555 "Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" Токтому (07.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159672

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 555 Кыргыз Республикасында баалоо иши чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасында баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 39 "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын ишин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 92 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У.Жапаров
