Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 554 Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибин бекитүү жөнүндө "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирсин.
3. Министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) бул токтомду аткарууга алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 18-октябрындагы № 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Порядок · 07.10.2022 · № 554
- Байтик айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-октябры № 54-п "Байтик айыл аймагынын Боз Бөлтөк тоосуна “Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы” макамын берүү жөнүндө"…Постановление · 24.10.2023 · № 54-п
- Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы № 2 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы…Постановление · 28.08.2024 · № 2
- Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-августундагы №2/6 “Лидер” атуулдук демилгелер борбору” коомдук бирикмесинин “Кыргызстандын региондорундагы…Постановление · 09.08.2024 · № 2/6
- Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы № 6 "Акназаров айыл аймагындагы Кара-Койун участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник) уюштуруу…Постановление · 25.01.2024 · № 6
- Ылай-Талаа айылдык кеңешинин 2024-жылдын 26-январындагы №15/4 "Ылай-Талаа айыл аймагындагы Жылкол айылынын “Салаа Таш” участкасындагы жер аянтына чакан корук (микрозаповедник)…Постановление · 26.01.2024 · № 15/4
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 727 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 554 "Микрокоруктарды…Постановление · 03.12.2024 · № 727
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндөЗакон · 03.05.2011 · № 18