# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 550 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 550 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 550
- Кабыл алынган күнү: 07.10.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.10.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21907/edition/1205424/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.10.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 550 "Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (07.10.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159669

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-октябры № 550 Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Аудиторлордун жана аудитордук уюмдардын кесиптик аудитордук бирикмеге милдеттүү түрдө мүчөлүгү жөнүндө талаптар бөлүгүндө бул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Тартиптин 14, 15-пункттарынын жоболору "Аудитордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык күчүнө кирет.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
