Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ 2022-жылдын 16-декабры №680/66-6
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 64-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде сунуштаган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер 2023-жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктар же төлөм уюмдары менен келишим түзүү жана банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүш) орнотуу максатында уюштуруу чараларын жүргүзсүн.
2. Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына 2023-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн каралган жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ушул токтомду аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызмат адамдарынын жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
___________ А.У. Жапаров
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
____________К.К. Боконтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук бапкы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 11.08.2022 · № 92
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122