# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 681
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21899/edition/1274672/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 681 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (25.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159661

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 16-декабры № 681 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине эмгек акы төлөө жана материалдык дем берүү системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-пункттун 6-пунктчасындагы "9" деген цифра "18" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жободо:

- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"Маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучуларына билим берүүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен үстөк акы орточо ставка үчүн төлөнөт (эгерде окутуучунун 1-класстан 11-класска чейин окуу жүктөмү болсо, 17 саат үчүн).";

- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:

"24-1. Жеңүүчүнү жана байге ээлерин даярдаган маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын окутуучусуна:

- эл аралык олимпиадада (айрым өлкөлөр тарабынан уюштурулган), төмөнкүдөй орундар үчүн тиешелүү жылга бюджеттин чегинде бир жолку төлөм берилет:

1-орунга - 200000 сом; 2-орунга - 150000 сом; 3-орунга - 100000 сом.";

- 6-главанын аталышы "тарбиячыларынын," деген сөздөн кийин "маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин," деген сөздөр менен толукталсын;

- 29-пункттун жетинчи абзацы "жумасына 45 сааттан," деген сөздөрдөн кийин "маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучулары үчүн - жумасына 34 сааттан, орто атайын музыкалык мектеп-интернатынын окутуучулары үчүн -жумасына 36 сааттан;" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган Жобонун 3-тиркемесинде:

- "Билим берүү уюмдары" графасынын үчүнчү сабы "Музыкалык жана көркөм сүрөт мектептери" деген сөздөрдөн кийин ", искусство мектептери" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров
