# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 665
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/159658>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21897/edition/1249909/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/159658.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (12.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/159658

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 382 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 30-ноябры № 665

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди - чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууну регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 40-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:

- 79-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Жайкы кабыл алуунун алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сыноолорун өткөрүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5-декабрга чейин узартылышы мүмкүн.";

- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"112. Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 10-февралга чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 15-октябрга чейин жүргүзүлөт. Жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 5-декабрга чейин узартылышы мүмкүн.".

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому жокко чыгарылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
