Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 „Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 30 ноября 2022 года № 665-VII О принятии во втором чтении проекта Закона Кыргызской Республики «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тыла"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-11-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 25-ноябры № 656
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди - чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууну регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23, 40-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
- 79-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Жайкы кабыл алуунун алкагында чет өлкөлүк жарандар үчүн кирүү сыноолорун өткөрүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 1-декабрга чейин узартылышы мүмкүн.";
- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"112. Абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 25-августка чейин, кышкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 10-февралга чейин жүргүзүлөт. Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди уюштуруу-укуктук формасына карабастан ЖОЖдордун студенттеринин катарына окутуунун бардык формаларына, окутуунун наркын төлөө менен келишим боюнча орундарга кабыл алуу жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча 15-октябрга чейин жүргүзүлөт. Жайкы кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасында же чет мамлекеттерде келип чыккан форс-мажордук жагдайларда (табигый кырсыктар, эпидемиялар, согуштук абал, өрт, өзгөчө кырдаалдар) ыйгарым укуктуу орган тарабынан 1-декабрга чейин узартылышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 30.11.22 ж. №665 токтомуПостановление · 30.11.2022 · № 665
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-ноябрындагы № 665 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз…Постановление · 30.11.2022 · № 665 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына кабыл алуу Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна)Порядок · 30.06.2022 · № 355
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.